• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандык спортчулар коронавирус аныкталган өлкөлөргө жөнөтүлбөйт

Спорт 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар коронавирус аныкталган өлкөлөргө мелдеш жана машыгууларга жөнөтүлбөйт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Туруктуу санитардык-эмидемиологиялык абалды камсыздоо, коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында спортчуларды коронавирус оорусу аныкталган өлкөлөргө мелдештерге жана окуу-машыгууларга жөнөтпөй туруу чечими кабыл алынды", - деп билдиришти агенттиктен.

Ири спорттук иш-чараларды өткөрүү КР Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылат.

Пикир

Оставить комментарий