• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Үч улуттун кубогу”: Бүгүн Кыргызстандын курамасы Палестина менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 02.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда, футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Палестинанын командасы менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, беттеш Бишкек убактысы менен саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Аталган достук турнир Кыргызстандын улуттук курамасынын Азия Кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өтөт.

Белгилей кетсек, 2-7-сентябрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан, Палестина, Бангладештин улуттук курамалардын катышуусунда “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдеши өтөт.

Оюндардын тартиби:

2-сентябрда: Кыргызстан — Палестина;

5-сентябрда: Палестина — Бангладеш;

7-сентябрда: Кыргызстан — Бангладеш.

“СOVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында стадионго 50 пайыз көрүүчүлөр гана киргизилет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий