• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланат. Президент жарлыктарга кол койду

Президент 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тизме:

- Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйлангандар;

- Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери, ошондой эле республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы үчүн сыйлангандар;

- Сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле сот системасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына карата сыйлыкка татыгандар;

- Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн сыйлангандар;

- Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу сыйлык ала тургандар;

- “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун бүткүл республика боюнча турак үйлөрдү куруу боюнча ишине көмөк көрсөткөндүгү, “Каракол” эл аралык аэропортунун курулушуна кошкон салымы жана кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйлангандар;

- Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого кошкон салымы, прокуратура органдарындагы көп жылдык кынтыксыз кызматы үчүн, ошондой эле прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин майрамдоого байланыштуу сыйлангандар;

- Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма автомобиль жолун курууга кошкон чоң салымы үчүн сыйлык ыйгарылгандар.

Пикир

Оставить комментарий