• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Атамбаев: Менин максатым - таза шайлоо өткөрүү

Президент 0

Бишкек, 30-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Менин максатым президенттик шайлоону таза өткөрүү”,-деди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ӨКМ кызматкерлерине арналган турак үйдүн ачылыш аземинде.

Анын айтымында, шайлоо таза өтөт. Шайлоо учурунда сөз жүзүндө көп нерсени убада кылгандар болот.

“Болгону ал эмне кылды деп эстешибиз керек. 2009-жылы өлкөдө оор кырдаал жаралып турганда ал кимдин жанында жүргөн. Ошондо гана сиздер туура чечим кабыл аласыздар. Менин биринчи максатым таза шайлоо өткөрүү. Албетте өзүнүн добушун саткандар дагы бар. Бирок 1 же 5 миң сом эч нерсени чечпейт. Өзүңдүн намысыңды, келечегиңди сатпаш керек”,-деди Атамбаев.

Өлкө башчысы эл өзүн-өзү түздөш керек деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий