Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.06.24. /Кабар/. Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Сиздерди Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Бизди бириктирген бул ыйык майрам жалпы адамзатка бакубатчылык алып келүүсүн Жараткан Алладан тилейм. Өлкөмдүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат Түркия Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош элибизди ислам дүйнөсүнүн биримдигинин жана тилектештигинин символу болгон Курман айт майрамына байланыштуу менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Биз Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы маданий жана тарыхый тамырлар, бир туугандык, өз ара ишеним жана колдоо сыяктуу бекем негиздерге курулган мамилелерге зор маани беребиз.

Апрель айындагы Сиздин Азербайжанга мамлекеттик сапарыңызды, чын ыкластуулуктун жана өз ара ишеним шарттарында өткөн биздин жолугушууларыбызды, эки тараптуу мамилелердин кеңири спектри жана кызматташуунун келечеги боюнча деталдуу сүйлөшүүлөрдү жагымдуу таасирлер менен эстейм. Мунун баары биздин мамлекеттер аралык мамилелерибиздин жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн прогрессивдүү жана ар тараптуу өнүгүүсүнүн айкын көрсөткүчү болуп саналат.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз бир тууган элдерибиздин кызыкчылыктарына ылайык салттуу достук мамилелерибизди жана өз ара пайдалуу кызматташуубузду мындан ары да кеңейтүүгө жетишебиз деп ишенем.

Ушул куттуу майрамда Сизде чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий