• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бир тараптуу каттам бар. Арал – Казарман унаа жолун тазалоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 243-296-чакырымдар аралыгындагы Арал – Казарман тилкесинде тазалоо иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, учурда бир тараптуу каттам бар.

Жеринде аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоо бетинен таштар кулап, каттам убактылуу жабылган. Таш көчкүнүн көлөмү болжол менен 3000 м3 түзүп, тазалоо иштери дароо башталган.

Ошондой эле №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аталган жолдун 222-243-чакырымдар аралыгында жол тасмасына түшкөн таштарды тазалоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий