Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бишкекте быйылкы жылдын акыркы күндөрү жана 2025-жылдын башында күн жылуу болот.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн борбордо жаан-чачын болбойт, ала булут каптап турат, күндүз +5...+7 градус жылуу болот.
31-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, булут каптап, абанын температурасы күндүз +2...+4, түнкүсүн 0...+2 градус болот,
1-январда да жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы күндүз +1...+3, түнкүсүн -1...+1 градус болот,
2-январда ала булут каптап турат, абанын температурасы күндүз +3...+5, түнкүсүн -3...-5 градус суук болот,
3-январда ала булут каптап турат, абанын температурасы күндүз +3...+5, түнкүсүн -4...-6 градус суук болот,
4-январда ала булут каптап турат, абанын температурасы күндүз +3...+5, түнкүсүн -4...-6 градус суук болот,
5-январда жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы күндүз +3...+5, түнкүсүн -4...-6 градус суук болот.
Пикир
Оставить комментарий