• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КР Адвокатурасынын төрагасы адвокаттык лицензиясынан ажыратылды

Коом 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Юстиция министрлиги КР Адвокатурасынын төрагасы Билим Райымкуловду адвокаттык лицензиясынан ажыратты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин административдик комиссиясынын отуруму болуп, анда Б.Раимкуловдун адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратуу жөнүндө маселе каралды.

"КР Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" мыйзамынын 19-беренесине ылайык, жогорку юридикалык билими бар КР жараны адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга укуктуу.

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2023-жылдын 31 октябрындагы №3362/4к буйругу менен, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын 1998-жылдын 13-сентябрындагы Б.С. Райымкуловго юриспруденция адистиги бонча “юрист” квалификациясы ыйгарылган чечими жокко чыгарылып, жана ГВВ №01342 катоо номери 299 менен берилген диплом кайта чакыртып алынып, жокко чыгарылды.

Юстиция министрлигинин 2023 жылдын 1-ноябрындагы №82-а буйругу менен административдик комиссиясынын чечиминин негизинде, Райымкулов Билим Сардалбекович "КР Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" КР мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде, адвокат тарабынан ушул мыйзамдын ченемдерин бузгандыгы үчүн 2008-жылдын 26-сентябрындагы №2323 адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынан ажыратылды.

Пикир

Оставить комментарий