• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Айсулуу Тыныбековага “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова "Нарын районунун Ардактуу атуулу" болду. Спортчуга наамды райондун акими Нуридин Мадимаров тапшырды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Спортчу учурда кичи мекени болгон Нарын жергесинде жүрөт. Аны облус башчысы Алтынбек Эргешов баштаган топ кучак толо гүл менен тосуп алышты.

Айсулуу Тыныбекованын жаштарды билим алууга, ийгиликке жетүүгө, сергек жашоого шыктандыруу максатындагы иш сапары Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаштар менен жолугушуудан башталды.

Жолугушуу учурунда Алтынбек Эргешов Айсулуу Тыныбековага Нарын облусунун элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, “Нарын даңкы” сыйлыгын сыймыктануу менен тапшырды.

Спортчу Кыргызстанда төрөлгөнүнө жана ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк тапканына бактылуу экендигин билдирип, жаштарды билим алууга, чоң максаттарды коюп, ошол багыт менен эч нерсеге карабай тынбай аракеттенүүгө чакырды.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Айсулуу Тыныбекова Борбордук Азия Университетинин кампусу менен таанышып чыкты. Андан соң облус жетекчиси Алтынбек Эргешов менен чай үстүндө баарлашты.

Дүйнө чемпиону бүгүн Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде Нарын шаарынын жана Нарын районунун мектеп окуучулары, спортко кызыккан жаштар менен жолугушат. “Газпром балдарга” спорт комплексинде мастер-класс көрсөтүп, өзүнүн ийгиликтери менен бөлүшөт.

Айсулуу Тыныбекованын эртеңден баштап Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунда болот.

Пикир

Оставить комментарий