• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Биргелешкен комиссиясы кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча техникалык документтерди бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Самарканд шаарында (Өзбекстан Кыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жумушчу топтордун жыйындары жана Биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отуруму өттү.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы талкууланды.

Биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитишти.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий