Депутат бала бакча ачууда лицензияны жокко чыгарууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында демилгечилердин бири депутат Жанар Акаев баяндама жасап, мыйзам долбоорунун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

“Учурда Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда балдарын 76%ы балдар бакчасына барбайт экен. Ушундай кейиштүү абал айрыкча айылдарда курч. Жаңы мыйзам долбоору балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарып, жеке ишкерлер менен жарандарды ашыкча документ чогултуу түйшүгүнөн арылтат. Мындан сырткары, мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартиби жоюлуп, анын ордуна сапатты өнүктүрүү боюнча департамент түзүү каралган”,– деди Акаев

Ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү демилгеленген.

Талкуу маалында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда инклюзивдүү билим берүү жагдайлары каралганын белгилесе, депутат Чыңгыз Айдарбеков ваучердик система учурдагы билим берүү тармагына зарыл экендигин кошумчалады.

Алсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарынан, министрликтерден, билим берүү уюмдарынан жана эксперттерден турган жумушчу топ тарабынан бир жарым жыл ичинде иштелип чыккан.

Жыйынтыгында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун концепциясы сунуш пикирлерди эске алуу менен комитет депутаттары тарабынан жактырылып, биринчи окууда кабыл алуу үчүн Жогорку Кенешке сунушталды.

Мындан сырткары жыйында “КРнын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору да каралып, концепциясы жактырылды.

Муну менен катар депутат Дастан Бекешов тарабынан демилгеленген “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору талкууланды. Негизинен долбоордо майыптуулугу бар жарандардын спорттук жайларга башка жарандардай тоскоолдуксуз кирүүсүнө жол ачуу жагы каралган.

Пикир

Оставить комментарий