• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Биринчи айым Айгүл Жапарова иш сапары менен Беларуска келди

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова 10-июлда «Славян базары» Эл аралык искусство фестивалынын алкагында маданий иш-чараларга катышуу үчүн Беларуска келди.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле жогорку деңгээлдеги бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Минск шаарынын Улуттук аэропортунан мамлекет башчысынын жубайын Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алды.

Пикир

Оставить комментарий