• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чукул кабар: Бишкекте катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.06.21. /Кабар/. Жакынкы бир саат аралыгында жана түндүн биринчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы айдоочуларды унааларын бактардын жана жеңилдетилген типтеги объектилердин алдына токтотпоого чакырат.

Кырсык болгон учурда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 ыкчам чараларды көрүү кызматына кайрылып, сүрөт, видеофактыларды 0554 -182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Пикир

Оставить комментарий