• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда "Санарип доорундагы китеп жана окуу" аталышындагы эл аралык конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-23-июнь күндөрү Кыргызстанда "Санарип доорундагы китеп жана окуу" аталышындагы эл аралык II конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук китепканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конференцияны КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Китепкана кызматташтыгынын аймактар аралык борбору, ЮНЕСКОнун “Бардыгы үчүн маалымат” программасынын Россиядагы комитети, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы, Кыргыз китепканалар ассоциациясы биргелешип уюштурушкан.

Конференциянын максаты - санариптик трансформация шартында коомчулуктун интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу үчүн маанилүү булак, анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердеги балдар жана жаштар үчүн окууну колдоо жана өнүктүрүү проблемасынын маанилүүлүгү жана актуалдуулугу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана күчөтүү.

Конференцияга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Украинадан келген КМШ өлкөлөрүнүн ири Улуттук китепканаларынын директорлору, республиканын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери, илимпоздор, илимий изилдөө жана билим берүү мекемелеринин адистери, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн басмаканаларынын адистери катышат.

Конференциянын жүрүшүндө Пленардык жыйындарды 4 секцияда өткөрүү пландаштырылууда:

1-секция. "Китеп маданияты жана коммуникация: өткөндөр, азыркы учур жана келечек". Анын катышуучулар Беларустагы, Россиядагы жана Украинадагы заманбап адабий чыгармачылыктын маселелерин, Кыргызстандагы китеп чыгаруу жана китеп таркатууну, Россиянын китеп басуу тармагы үчүн бирдиктүү информациялык платформа түзүү, Беларустун китепканаларынын убакыттагы жана мейкиндиктеги басма кызматын, демократиялык имиджди калыптандырууда ЖМКнын ролу ж.б. маселелерди талкуулашат.

2-секция "Окуу жана билим берүү". Бул секцияда санариптик доордо маалыматты кабыл алуу маселеси каралат: санариптик дүйнөдө ойлонуп окууну калыптандыруу, китеп окууга кызыктыруунун учурдагы практикасы - “Эмнени окуш керек жана кантип окуйбуз”, санарип коллекцияларын окуу үчүн колдонмо катары пайдалануу, Өзбекстандагы маалымат-китепкана адистеринин медиа-маалыматтык компетенттүүлүгү, мульти-сабаттуулук XXI кылымдагы билимдүүлүк катары, Кыргызстандагы китепкана кызматкерлерин электрондук чөйрөдө иштөөгө үйрөтүү ж.б.

3-секция. "Китеп, окуу жана китепкана", анда китепканачылардын китепти, окууну жана китепканаларды жайылтуу боюнча чыгармачыл долбоорлору талкууланат; китеп таануу призмасы аркылуу окуу, психология жана маданият, ошондой эле коомчулукту китеп окууга тартуу үчүн китепкана кызматы, мектеп окуучуларын адабият аркылуу улуттук маданияттын негиздери менен тааныштыруу ж.б. маселелер.

4-секция "Китепкана жана МКТ". Катышуучулар пандемия мезгилинде Беларуссиянын Улуттук китепканасынын виртуалдык кызматтарынын өнүгүшү, санарип доорундагы коомдук китепкана фондусун түзүүнүн өзгөчөлүктөрү, Россиядагы корпоративдик китепканалардын бизнес процесстерин автоматташтыруу менен алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жана башка маселелерди карашат.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, Конференциянын материалдарынын электрондук жыйнагы жарыяланат.

Өткөрүлүүчү жери: Ысык-Көл району, "Аврора" санаторийи (Булан-Сөгөттү айылы).

Пикир

Оставить комментарий