• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук гвардияда окуучулар жана студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өттү

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө Бишкек шаарында жайгашкан билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага 1 миңден ашуун студент жана мектеп окуучулары катышты. Анда конокторго жоокерлердин казармасы, ашканасы жана спорттук залы көрсөтүлдү.

Соңунда ардак кароол ротасынын аскер кызматчылары саптык ыкмаларды көрсөтүп, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү болду.

Пикир

Оставить комментарий