Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. 28-29-апрель күндөрү Бишкек шаарынын бөлүктөрүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өчүрүү Айни - Островский дареги боюнча жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштери жүргүзүүгө байланыштуу. Буга байланыштуу Гагарин, Манас, Курчатов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ убактылуу берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий