Биринчи май районундагы үй ээлеринен салык төлөөнү талап кылуу мыйзамдуу - МСК

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Салык органынын Биринчи май районундагы үйлөрдүн ээлеринен салык төлөөнү талап кылуусу мыйзамдуу, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

МСК Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын 8-сентябрда парламенттин отурумунда Салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы мыйзамдаштырылган үйлөрдүн жашоочуларынан акыркы 6 жыл ичиндеги салыкты төлөөнү талап кылгандыгы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Салык органдарынын кызматкерлери салыктарды башкарууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин катуу сакташат. КР Салык кодексинин 373-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мүлккө болгон укугун каттоосу, мүлк объектисине укукту күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда, мүлк салыгын төлөөчү деп табуу үчүн мындай мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу негиз болуп саналат.

Ошондой эле Салык кодексинин 68-беренесине ылайык, салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү 6 жылга белгиленген.

Салык органдарынын кызматкерлеринин Биринчи май районунун жаңы конуштарынын тургундарына орой мамиле жасагандыгы тууралуу салыкчылардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча Салык кызматы иш жүргүзүп жаткандыгын билдирет.

"Мындай фактылар болгон учурда МСКнын борбордук аппаратына (ишеним телефону (0312)613189) кайрылсаңыздар болот, анда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аларга карата тиешелүү чаралар көрүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий