• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жакында Carcheck аркылуу транспорт салыгын төлөө фактысын текшерүүгө болот

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Жакында Carcheck системасы аркылуу транспорт салыгын төлөө фактысын текшерүүгө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалымтка ылайык, Салык кызматы транспорт каражатына салык төлөө боюнча маалымат базасын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын Carcheck сервиси менен интеграциялоону пландаштырууда.

Азыркы учурда Салык кызматы салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну демилгелөөдө.

Carcheck системасы аркылуу жарандар транспорт каражатына салык төлөнгөндүгү же төлөнбөгөндүгү боюнча маалымат ала алышат.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөө боюнча текшерүү функциясын киргизүү менен жарандык контроль күчөтүлүп, ошону менен бирге салык төлөбөгөндөрдүн саны азаярына ишенет. Дагы бир оң натыйжа – транспорт каражатынын ээлеринин салык сабаттуулугу жана салык милдеттенмелери жөнүндө маалымдуулугу жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий