• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Биринчи май районунун акими мектеп лагерлеринин иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Ак-Босого конушунун №27 жана №101 мектептериндеги лагердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мектеп лагерлеринде балдар үчүн ар кандай ийримдер, дене тарбия, бий, ыр уюштурулууда.

Белгилей кетсек, калаанын 39 мектебинде лагерлердин иши уюштурулуп, 5-июндан 30-июнга чейин саат 8:00дөн 14:00гө чейин иш алып барып, 1000ге жакын окуучуну камтыйт.

Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, шаардык милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдарды коргоо мектеп коопсуздук кызматы тарабынан да камсыздалат.

Биринчи кезекте калктын социалдык жактан аялуу катмарынын балдары (жетим балдар, жакыр балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр) турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар, ошондой эле окуунун мыктылары, спорттук жана башка мелдештердин жеңүүчүлөрү кирет.

Пикир

Оставить комментарий