• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек Анкара менен өнөр жай жана технологиялар тармагында кызматташууну чыңдайт – мэр

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бишкек Түркия менен өнөр жай жана технологиялар тармагында кызматташууну чыңдайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада өтүп жаткан Бишкек – Анкара бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаары түрк инвесторлору жана өнөктөштөрү менен биргеликте ийгиликтерге жетишүүгө бардык шарттарды түзүүгө даяр. Бүгүнкү форум тажрыйба алмашууга жана шаарлардын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого аянтча болууда.

"Бишкек менен Анкара динамикалуу өнүгүп жаткан эки шаар. Алардын потенциалы жана өзгөчөлүктөрү бар. Биздин өз ара аракеттешүүбүз эки шаардын экономикалык өсүшү жана өнүгүүсүнө жол ачат. Биз шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө басым жасайбыз", - деди Айбек Жунушалиев.

Ал ошондой эле шаардын бюджети 40 пайызга көбөйүп, 32 млрд сомго жеткенин, бул ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды берерин баса белгиледи.

"Курулуш, өнөр жай, биздин өнүгүүбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Биз чет элдик жана жергиликтүү компаниялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен бул тармактарга инвестицияларды тартуунун үстүндө жигердүү иш алып баруудабыз. Бул жаатта билим жана технологиялар менен бөлүшүү эки тарапка тең олуттуу натыйжаларды берет деп ишенебиз", - деп кошумчалады шаар мэри.

Бизнес форумда Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш түрк бизнесинин Бишкектин экономикалык өнүгүүсү үчүн курулуш, соода, өндүрүш, тейлөө жана башка тармактарына инвестиция салып жатканын айтып өттү. Мындан сырткары бүгүнкү форум Бишкек менен Анкаранын ортосундагы мамилелердин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жаратарына ишеним артылып жатканын билдирди.

Алдыда тараптар санариптик экономиканы жана алдыңкы технологияларды өнүктүрүүнү пландоодо. Жашыл технологияларды киргизүү, кайра иштетүү системаларын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртуу боюнча биргелешип иштешүүгө кызыкдар. Бул багытта тыгыз кызматташуу шаарлардын экологиялык жактан таза жана жашоого ыңгайлуу кылууга жардам берери форумда айтылды.

Пикир

Оставить комментарий