• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жыл башынан бери Бишкекте 900гө жакын үй-бүлө ажырашкан — облустар боюнча статистика

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5 айында Кыргызстан боюнча 4 миң 389 үй-бүлө эки ажырым жолго түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ажырашкандардын көбү Бишкек шаарында катталган — 897.

Облустар боюнча бөлүштүргөндө:

- Чүй облусу - 798 бирдик;

- Нарын облусу - 214 даана;

- Жалал-Абад облусу - 702 даана;

- Ош шаары - 207 бирдик;

- Ош облусу - 707 бирдик;

- Баткен облусу - 317 бирдик;

- Ысык-Көл облусу - 373 даана;

- Талас облусу - 174 даана.

Пикир

Оставить комментарий