Бишкек – Балыкчы поезд каттамы 1-сентябрда токтойт

Коом 0

Бишкек, 31.08.23. /Кабар/. Бишкектен Балыкчыга жүргүнчүлөрдү ташыган № 608/609 поезд каттамы 1-сентябрда токтойт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тактап айтканда, июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт.

Аталган каттам 2024-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.

Пикир

Оставить комментарий