• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкек Баткенге 10 троллейбус берет

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Баткен шаарынын түптөлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.


Маалыматка ылайык, мэр облустун тургундарын куттуктап, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады. Ошондой эле, А.Жунушалиев өз сөзүндө Бишкек шаарынан Баткен облусуна 10 троллейбус алынып келе жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, Айбек Жунушалиев 2021-жылы Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп турганда КР Президентинин тапшырмасы менен Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишти жетектеген, кийин Жогорку Кеңеште үч окууда жактырылып, мамлекет башчысы кол койгон.

Мындан тышкары, 2022-жылы КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеген учурда Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргызстандын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту жетектеген.
Жогорудагы Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча анын бардык сиңирген эмгегин жана кошкон салымын эске алуу менен А.Жжунушалиевге "Баткен облусунун Ардактуу жараны" төш белгиси ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий