• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финансы министрлиги "Чынгыш" дыйкан чарбасына байланыштуу кырдаалга комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Финансы министрлиги "Чыңгыш" дыйкан чарбасынын өкүлдөрүнүн социалдык түйүндөрдө мамлекеттик кызматкерлерди, анын ичинде ведомствонун кызматкерлерин каралаган билдирүүсүнө комментарий берди.

Окуянын тарыхы:

1994-жылы 15-июлда КРнын өкмөтү Германиянын "Кредитанштальт Фюр Видерауфбау" («KfW») банкынын атынан Германиянын өкмөтү менен Кыргызстандын жеке ишкерлеринин инвестициялык долбоорлорун каржылоого 12 млн немис маркасындагы ссуда берүү жөнүндө келишим түзгөн.

1994-жылы 11-августта КР Финансы министрлиги, Кыргызстандын чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комитети (Маминвестком) жана "Кыргызстан" АКБнын (азыркы "Кыргызстан коммерциялык банкы" ААК) ортосунда ишенимдүү финансылык тейлөө жөнүндө үч тараптуу келишим түзүлгөн, анда "Кыргызстан" АКБ долбоордун кардарларынын эсептерин жооптуу сактоого жана тейлөөгө кабыл алууга ыйгарым укук берилет. Көрсөтүлгөн келишимге ылайык, насыя алууга табыштама Маминвестком жана немис консультанты тарабынан бааланат, ал эми жабдуу берүүчүнү тандоо үчүн насыя алуучу өзү жооп берет.

1996-жылы 23-февралда жогоруда көрсөтүлгөн келишимдердин негизинде жана Маминвестком жана немис банкынын консультанты тарабынан жактырылган кредит алууга билдирменин негизинде "Кыргызстан" АКБнын Нарын филиалы менен "Чынгыш" дыйкан чарбасынын жетекчиси А.Асековдун атынан чарбага 81 000 немис маркасындагы суммада 4 жылдык мөөнөткө жана 1 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлөт. Белгилей кетсек, насыяны төлөөнүн акыркы мөөнөтү 1999-жылдын 30-декабрында белгиленген.

№ 1020 жеткирүү келишиминин негизинде 1996-жылдын 28-февралында "Чынгыш" дыйкан чарбасы менен Германиянын "Paul Busse Gmbh" компаниясынын ортосунда чарба тегирмен жабдууларын алат. Белгилей кетүүчү жагдай, жабдууларды (тегирменди) кабыл алгандан тартып, насыяларды өндүрүү башталганга чейин насыя алуучу жабдуулардын сапаты боюнча эч кандай доомат койгон эмес.

Дыйкан чарба өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу "Кыргызстан" АКБ ААКнын Нарын филиалы экономикалык иштер боюнча Нарын райондор аралык сотуна карыздарды өндүрүү боюнча доо арыз менен кайрылган. Райондор аралык сот 2004-жылдын 12-мартында "Чынгыш" дыйкан чарбасынан батир түрүндөгү күрөө мүлкүн өндүрүп алуу жолу менен карызды өндүрүү жөнүндө чечим чыгарган.

Ошентип, 2006-2007-жылдары сот органдарынын чечимдеринин негизинде соттук аткаруучулар тарабынан күрөөлүк мүлктү сатуу жолу менен карыз өндүрүлгөн.

Күрөөгө коюлган батирлер түрүндөгү күрөөлүк мүлктөр КР Финансы министрлиги тарабынан эмес, сот органдарынын чечимдерине ылайык сот аткаруучулар тарабынан ишке ашырылгандыгын өзгөчө баса белгилейбиз.

20 жыл аралыгында "Чынгыш" КЧ тарабынан банктын жана сот аткаруучулардын аракеттерине карата ар кандай соттук териштирүүлөр демилгеленген. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бул маселе боюнча акыркы чечим чыгарылган.

Бүгүнкү күндө "Чынгыш" дыйкан чарбасынын өкүлдөрү тараткан маалымат чындыкка дал келбейт жана "Чынгыш" дыйкан чарбасынын жана «Paul Busse Gmbh» германиялык компаниясынын ортосунда түзүлгөн жабдууларды жеткирүү келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө талап Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгып жатат. Арыз ээлерине тийиштүү жооптор жазуу жана оозеки түрүндө бир нече жолу билдирилген, буга бүгүнкү күндө чарбанын өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдын ишин үзгүлтүккө учуратууда жана чындыкка дал келбеген маалыматты жайылтууда терс билдирүү бар.

КР Финансы министрлиги мыйзамдуулукту жактайт жана маселелерди укуктук чөйрөдө гана чечүү зарылдыгын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий