• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болду

Коом 0

Бишкек, 23-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Аида Касымалиева болду.

“Кабар” агенттигине Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, А.Касымалиева партиялык тизмеде И.Илмиянов жана А.Кутушевден кийин турган. Алдыңкы эки талапкер баш тарткан соң, мандат ага тапшырылды.

“Ал бүгүн БШКга келди жана ага мандат, төш белги тапшырылды”, -деп белгилешти БШКдан.

А.Касымалиева өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү катары дайындалган У.Жылкыбаевдин ордун ээледи.

Пикир

Оставить комментарий