• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын визасын кытайлар көп алат – Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 23-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2016-жылы кыргызстандын визасын 12 миң чет элдик жаран алса, алардын ичинен көп бөлүгү кытайлар болгон. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Кудайбердиев билдирди.

Ал айтып бергендей, өткөн жылы жалпысынан 12 миң виза берилген. Кайрылгандардын 85%ы кытайлар, 18%ы Түркиянын, 10%ы Түштүк Кореянын жарандары. Көбүнчө “Ишкердик” , “Эмгек” категорияларындагы визаларды алууга кайрылышат.

“Мындан тышкары, “Студент” категориясындагы визалар көп берилет. Барынан көп Индия, Пакистан, Кытай жана Кореянын студенттери кайрылышат”, - деп белгиледи Б.Кудайбердиев.

Пикир

Оставить комментарий