• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Баткенге жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядан Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал өлкөгө келери менен Баткенге учуп кетти.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 28-апрелде ден соолугуна байланыштуу Германияга учуп кеткен.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий