• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунда аныкталган кемчиликтер жоюлууда – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бишкек — Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоодо кеткен кемчиликтер жоюлууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолу КР Транспорт министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында China Railway No.5 Engeering Group CO., LTD кытай компаниясы тарабынан реконструкцияланган. Подрядчы негизги иштерди 2021-жылдын 18-ноябрында бүтүргөн.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында атайын түзүлгөн комиссия 2023-жылдын 12-октябрында Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун сапатын текшерип, жыйынтыгында кемчиликтерди аныктаган.

"Бул боюнча тийиштүү акт түзүлүп, подрядчы компанияга айып салынып, ал өндүрүлгөн. Учурда компания өзүнүн эсебинен 217 метр узундуктагы жерге кайра асфальт төшөө иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Транспорт министрлиги Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий