• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек Кыргызстандын ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылат – мэр

Экономика 0

Бишкек, 21.06.24. / Кабар/. Бишкек шаары Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылып келет. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Калаа башчысы белгилегендей, буга байланыштуу үстүбүздөгү жылга кирешелерди чогултуу боюнча чоң план коюлду.

“2024-жылга биздин башкы максатыбыз – кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүү. Буга байланыштуу бул жылы кирешелерди чогултуу боюнча чоң план бар. 2024-жылдын бюджетинин консолидацияланган киреше бөлүгү, аймактык айылдарды эске алуу менен 2024-жылы 32,5 млрд сом киреше түшүүсү күтүлүүдө, ал 2023-жылга салыштырмалуу 10,6 млрд сомго көп. Аткаруу боюнча 2024-жылдын 1-июнуна карата кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 7,2 млрд сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу иш жүзүндө түшүүлөр 23,4 пайызга жогорулады, башкача айтканда 1,4 млрд сомго көбүрөөк түштү” - деди Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий