• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2022-жылы Кыргызстан Гонконгго 202 кг алтын сатты

Экономика 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Өткөн жылы Гонконг Кыргызстандан 202 килограммдан ашык алтын импорттоп, кыргыз алтынынын негизги сатып алуучусу болду. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин бюллетендеринде келтирилген.

Кыргызстандан Гонконгго сатылган алтындын жалпы баасы 11 млн 979 миң 304 долларды түзгөн. Бул 1 граммы орточо 59,3 долларга барабар дегендик.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 11 айындагы соода боюнча акыркы отчетунда Гонконг тизмеге кирген эмес. Демек, Кытайга баалуу металлды экспорттоо декабрь айында ишке ашырылган.

Кыргызстандын алтынын импорттоо боюнча экинчи орунда 83,47 килограммдан ашуунга бүтүм түзгөн Түркия турат. Алардын жалпы баасы 789 миң 654 долларды түзөт. Мында алтындын граммы 9,5 долларга барабар.

Дагы 4 кг 998 грамм алтын граммы 59,2 доллардан Бириккен Араб Эмираттарына сатылган. Жалпысынан өткөн жылы Кыргызстан 290,5 килограмм алтын экспорттогон.

Пикир

Оставить комментарий