Бишкек менен Чэнду башчылары шаарлардын кызматташтыгын тереңдетүү тууралуу пикир алышты

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао жетектеген делегациянын жолугушуусу болду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, тараптар өлкөлөрдүн жетекчилиги, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда натыйжалуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгы түзүлүп, шаарлар аралык байланыштар активдүү бекемделип жана кеңейтилип жатканына ишеним билдиришти.

Айбек Жунушалиев ошондой эле акыркы жылдарда кыргыз-кытай мамилелери бекемделип жатканын баса белгилеп, Чэнду шаары менен эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү Бишкек үчүн маанилүү жана артыкчылыктуу экенин белгиледи.

Ван Фэнчао соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртууну, ошондой эле инвестициялык демилгелерди жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн Бишкектин Чэнду шаарында өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады.

"Бул менин Бишкек шаарына биринчи жолу келишим. Шаар жаш жана гүлдөп-өнүккөн”, - деп белгиледи Ван Фэнчао.

Айбек Жунушалиев келечектеги инвестициялык долбоорлор транспорт, маданият жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарына байланыштуу болорун кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 24-октябрында Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында Бишкек шаары менен Чэнду шаары өз ара байланыш түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий