Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Бишкек менен Оштун айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат,-деп билдирет “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты.
Ага ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот:
- 10-11-майда Бишкек шаарынын Курманжан-Датка, Саратов, Западная көчөлөрүндө;
- 10-11-майда Маевка айылынын Виноградная, Ала-Арча, Школьная, Ж.Гвардия көчөлөрүндө;
- 10-11-майда Ош шаарынын Мичурин, Карабаев, Алиев көчөлөрүндө жана Алиев чакан көчөсүндө;
- 14-18-майда Ош шаарынын Сүйүнбаев, Геология, С.Ибраимов, Иминов, Алиев көчөлөрүндө.
Оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий