• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бир адамдын өмүрүн алган "Антошкадагы" жарылуу: Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилет

Коом 0

Бишкек, 12.11.19. Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "Антошка" тез тамактануу жайында болгон окуядан кийин шаардагы баардык тез татым жайлары текшерилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Кечээ, мэрияда тез татым жайында болгон өрткө байланыштуу биринчи вице-мэр А. Бакетаевдин төрагалыгы алдында кеңешме өтүп, ага тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери катышкан.

Кеңешмеде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Майрамбек Жунусов маалымат берип, окуяда кырсыктагандар тууралуу маалымат берген. Ал белгилегендей, окуяда 1 адам – тез татым жайында иштеген кызматкер кыз каза болуп, 14 киши жабыркаган.

Бишкек шаардык милициясынын башчысы Канат Жумагазиев, окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлүп, күнөөкөрлөр жазаланарын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий