Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Бишкек жана Оштун айрым аймактарында бир нече күнгө газ жок болот. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ремонт иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо газ жок болот:
- 6-сентябрда Ош шаарынын Памир, К.Датка, Мамажан, Давыдов, Навои көчөлөрүндө;
- 7-сентябрда Ош шаарынын Фергана көчөсүндө;
- 10-21-сентябрда Бишкек шаарынын Сүйүнбаев, Чүй, Лермонтов, ЧЧК кесилишкен аймагында; «Чыгыш» 5», «Аламедин 1» кичи райондорунда; Курулушчулар, Энергетиктер шаарчасында; Лебединовка айылында; «Бишкек Темир» ЖЧКсында; ЖЭС; Чүй-Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жуугуч.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий