• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин Ленин округундагы шайлоону таза өткөрүү боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкдаровдун төрагалыгы алдында №26 Ленин шайлоо округу боюнча алдыда боло турган бир мандаттуу шайлоо өнөктүгүн таза өткөрүү боюнча атайын жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, УКМКнын жетекчилиги, шаар прокурору, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана Ленин районунун тиешелүү жетекчилери катышты.

Негизги маселе катары алдыдагы шайлоону өткөрүүдө коомдук-саясий кырдаалдын жана коопсуздукту камсыздоо, шайлоо өткөрүүгө даярдык, санитардык талаптар, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттардын түзүлүшү жана эң негизги аткарылуучу талап катары шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шаар бийлигинин шайлоо үгүтүнө аралашпоосу керектиги өзгөчө баса белгиленди.

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жарандардын шайлоо укуктары камсыз кылынышы керектигин, ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү айтып, талапкерлер тараптан мыйзам бузуулар анык болсо чара көрүү зарылдыгын билдирди.

Ошону менен бирге мэр муниципалитеттин башчылары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө жол бербөө жөнүндө эскертти.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-майына Бишкек шаарындагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Учурда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга бир мандаты үчүн 32 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий