• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Быйыл Азербайжандын Шуша шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылды

Маданият 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Кечээ, 12-майда Азербайжандын Маданият министрлиги менен ТҮРКСОЙ уюму биргеликте уюштурган "Шуша – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2023" жылынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Кыргызстандан маданият министри Алтынбек Максутов, ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн делегациялары, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык уюмдарынын жетекчилери, Азербайжандын бийлик өкүлдөрү жана атайын чакырылган расмий өкүлдөр катышты.

Эске салсак, Азербайжандын маданий борбору болгон Шуша шаары быйыл "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп тандалып, түрк дүйнөсүндө Түркия Республикасынын 100, ТҮРКСОЙдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленип жатат.

Иш-чарада ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев "Шуша – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2023" жылынын жабылыш аземи ноябрь айына белгиленгенин, 2024-жылы "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эстафетасы Түркмөнстандагы Анев шаарына өткөрүлүп берилээрин маалымдады.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга ТҮРКСОЙдун сыйлыктары тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

Маалымат үчүн: “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун пайдубалы 2010-жылы Стамбулда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын 10-саммитинде түптөлгөн. Чечимге ылайык, жыл сайын түрк дүйнөсүнүн бир шаары “Маданий борбор” деп жарыяланып келет.

Буга чейин бул наамды Казакстандын Астана (2012), Түркиянын Эскишехир (2013), Татарстандын Казань (2014), Түркмөнстандын Мерв (2015), Азербайжандын Шеки (2016), Казакстандын Түркстан (2017), Түркиянын Кастамону (2018), Кыргызстандын Ош (2019), Өзбекстандын Хива (2020, Өзбекстан) жана Түркиянын Бурса шаары (2022) алган. Быйыл 11- шаар болуп Азарбайжандын Шуша шаары бул миссияны аткарып жатат.

Пикир

Оставить комментарий