• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте окуучулар арасында “Жол кыймылынын жаш инспектору - 2023” аттуу кароо-сынак өттү

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бишкекте окуучулар арасында “Жол кыймылынын жаш инспектору - 2023” аттуу кароо-сынак өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынак окуучуларга жарандык-укуктук тарбия берүү, балдардын жаракаттарын алдын алуу, Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын арасында көчөдө жана жолдордо коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча иштерди активдештирүү максатында өткөрүлдү.

Мелдешке үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөрүлгөн мелдештин райондук турларында 1-2-орунду ээлеген №1, 54, 32, 67, 55, 79, 26, 91 мектептеринин ЖКЖИнын командалары катышты.

“Жол кыймылынын жаш инспектору-2023” аттуу кароо-сынак сегиз номинацияда өттү.

Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга төмөнкү командалар ээ болушту:

1 орун – № 67 мектеп-гимназиянын командасы;
2 орун – № 26 гимназия-комплексинин командасы;
3 орун - № 79 жалпы орто мектептин командасы;
4 орун – № 54 жалпы орто мектептин командасы.

Командаларга дипломдор, баалуу сыйлыктар үчүн сертификаттар, ошондой эле киного билеттер тапшырылды.

18-майда № 67 мектеп-гимназиянын командасы сынактын республикалык этабында Бишкек шаарынын атынан чыгат.

Белгилей кетсек, сынак Билим берүү департаменти тарабынан Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий