• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кытайда иш сапары менен жүрөт

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кытайда иш сапары менен жүрөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, сапардын алкагында Айбек Жунушалиевдин Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчаонун эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Тараптар эки шаардын муниципалитеттеринин ишмердүүлүгүнө токтолуп, экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана экономикалык жана соода алмашууга багытталган жалпы иш-чараларды өткөрүүдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Айбек Жунушалиев Чэнду Элдик өкмөтүнө Бишкек жана Чэнду шаарларынын муниципалитеттеринин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирип, аны жакынкы келечекте Кыргызстандын борборуна келип кетүүгө чакырды.

Ал ошондой эле Бишкек учурда Кыргызстандын борборунун инвестициялык потенциалын жогорулатууга көңүл буруп жатканын жана инвестициялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жалпы идеяларга жана кызыкчылыктарга байланыштуу тармактарда мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга жана тажрыйба алмашууга ыраазычылык жана үмүттөрүн билдиришти.

Маалымат үчүн: Чэнду Сычуань провинциясынын негизги шаары. Бул Кытайдын түштүк-батышындагы эң чоң шаар. 21 млн калкы жана ИДПсы 2,2 трлн юань болгон бул Кытайдын бизнес чөйрөсүнүн эталону болуп саналат. Ошондой эле Чэнду шаары 2019-жылы шаарды кеңейтүү реформасын жүргүзгөн.

2023-жылдын 24-октябрында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек шаары менен Чэнду шаарларынын байланышы түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий