• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда мектептерге аскерге чейинки даярдыкты, ЖОЖдорго аскер кафедраларын кайтаруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Кыргызстандагы мектептердин баарына аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагын, ал эми жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) аскер кафедрасын кайтаруу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы штабдын жетекчиси Эрлик Тердикбаев билдирди.

Ал маалымдагандай, АЧД сабагы бир нече мектепте гана бар. Министрлер кабинети билим берүү уюмдарынын баарын камтуу боюнча тапшырма берген. Учурда бул дисциплина боюнча педагогикалык кадрларды тарбиялоо жана даярдоо маселеси каралып жатат.

Коргоо министрлиги ошондой эле ЖОЖдорго 2016-жылы жоюлуп кеткен аскер кафедрасын кайтарууну пландоодо. Бүгүнкү күндө мындай кафедра бир гана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бар.

Пикир

Оставить комментарий