Бишкекте маршруттук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында эл ташыган маршруттук унаалардын айдоочуларына жолдо жүрүүдө коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу багытында маршурттук унаанын ичиндеги айдоочулардын коопсуздугу үчүн атайын эскертме барактары илинип, жүргүнчүлөр үчүн унаанын ичиндеги кармоочтар болуусу эскертилүүдө.

Ошондой эле COVID-19 илдетинин алдын алуу багытында санитардык талаптардын так сакталуусу эскертилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий