• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Баткенде Кулунду айыл аймагында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында “Көчө баласы” атындагы иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет

Иш-чаранын жүрүшүндө суу ташкындаган коопсуз жерлерге эскертүү тактайчаларын илип, район аймагында жайгашкан Алтын-Бешик жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эс алуу жайына барышып, өспүрүмдөр менен баарлашты.

Ошондой эле түн ичинде өз алдынча жүргөн 15 өспүрүмдөрдү аныктап, алардын ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары каттоодо турган 13 жаш өспүрүмдүн турак үйлөрүнө барып, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 2021-жылдын 7 ай аралыгында Кулуңду айыл аймагында жаш өспүрүмдөр тарабынан 3 кылмыш жасалган.

Пикир

Оставить комментарий