Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардыктардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында жеке кабыл алууда көтөрүлгөн маселелер ыкчам чечилүүдө.

Мупиципалитеттен билдиришкендей, 11-майда Лермонтов көчөсү, 1А үйдүн жашоочулары мэр Айбек Жунушалиевдин жеке кабыл алуусунда болушуп, көп кабаттуу үйдү мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрүн айтышкан.

Калаа башчысы тез арада шаардык кызматтар менен биргеликте чечим кабыл алуу үчүн жерине барды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга көп кабаттуу үйдү менчиктештирүү маселесин белгиленген тартипте кароо боюнча тапшырмалар берилди.

Мэрдин тапшырмасына ылайык, жогоруда аталган имараттын маселелери менен атайын түзүлгөн жумушчу топ алектенет.

Пикир

Оставить комментарий