• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Лейла Сыдыкова: Жаңы Конституцияда адам укуктары жана сөз эркиндиги мурдагыдан натыйжалуу жазылган

Коом 0

Юридика илимдеринин доктору, профессор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Лейла Сыдыкова “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда жаңы Конституциядагы адам укуктары жана сөз эркиндигине байланыштуу башка учурлар тууралуу айтып берди. Ал адам укуктары жана сөз эркиндиги өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы редакциясында жакшы жазылганын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө жаңы Конституцияны түзүүнүн юридикалык фактысы болду. Долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Андан кийин ал комитетте майда-чүйдөсүнө чейин каралып, коомдук талкууга коюлат. Өзгөрүүлөр жана кошумчалар болуусу мүмкүн. Өлкөнүн негизги мыйзамын жазууга жарандык коомдун активдүү катышып жатканы кубандырат”, - деди ал.

Юридикалык илимдеринин доктору адам укуктары жөнүндө айтып жатып, Конституциялык кеңешме ушак жазгандарды жазыктык куугунтуктоону алып салды деп белгиледи.

“Азыркы Конституцияда ушак жазгандыгы үчүн адамды жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүндүгү каралган. Бул учур жазалоо ыкмасы жана кысым көрсөтүү менен эки колун байлап койгондой эле кеп да. Жаңы Конституцияда биз бул чараны алып салдык. Ошондой эле сөз эркиндигинин кепилдиги, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана мектепке чейинки билим берүү кепилдигин камсыздоо мурдагыдан жакшырак жазылды”, - дейт Сыдыкова.

Ал ошондой эле жаңы Конституцияда Элдик курултай бөлүгүндө карама-каршылыктар бар деп белгиледи. Анын айтымында, жаңы долбоордо Элдик курултай негизинде сунуштоочу орган болгонуна карабай мыйзам демилгелөө укугуна ээ.

“Элдин курултай чыныгы көйгөйлөрдү өкмөткө жеткире ала турган сунуш берүүчү гана орган болушу мүмкүн. Өз кезегинде өкмөт Элдик курултайдын чакыруусуна реакция кылуусу керек”, - деди ал.

Жыйынтыгында Лейла Сыдыкова жаңы Конституциянын долбооруна киргизе албаган маанилүү нормага токтолду: “Бизде башкы көзөмөл органы катары прокуратура болуп калды. Башкача айтканда, укугу тебеленген жаран мурдагыдай эле прокуратурага кайрылышы керек. Биз укугу бузулган жаран түз эле сотко кайрылгандай кылып жазууну сунуштаганбыз. Соттор гана чечим кабыл алган жана адам адилеттүүлүк таба ала турган орган болуусу керек эле. Ошондой эле жаңы Конституцияга сот бийлигин башкаруунун жаңы түрүн киргизгенибизди кошумчалай кетүү маанилүү”.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий