• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкек мэри Батыш автобекетин көчүрүүнүн себебин айтты

Коом 0


Бишкек, 15.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы убактылуу жайгашкан автобекетке уюштурулган пресс-турдун алкагында, автобекетти көчүрүүнүн себебин түшүндүрдү.

"Негизи, автобекетти жылдыруу процесси май айында башталган. Алгач жаңы автобекетти айланма жол жака салабыз деген аракетибиз болгон. Бул тууралуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен сүйлөшкөнүбүздө, тыгын маселесин чечпей эле, кайра көбөйтүп алуу ыктымалдуулугу пайда болду. Муну эске алуу менен азыркы орунду сунуштадык", - деди калаа башчысы.

Ошондой эле, аэропортко бараткан жолдун боюнда салынып жаткан жаңы Ош базардын жанында заманбап шарты бар чоң автобекет курулат. Ал ишке киргиче убактылуу салынган автобекетте шагыл төшөлүп, шарттар түзүлүүдө. Бир жума аралыгында бардык керектүү шарт менен камсыздап беребиз деп кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы батыш автобекети, анын ичинде "Акжол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотуп, көчүрүү иштери жүргүзүлгөн. Чыгыш тарапка каттаган каттамдар Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча "Бишкек автовокзалынан", ал эми батыш багытында каттаган каттамдар "Ак-Кула" жаңы ипподрому тараптагы (МАИ постунун жанында) батыш автобекетине көчкөнү маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий