Бишкек мэри шаардын үстүнөн тик учак менен кыдырды

Коом 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Азамат Кадыров, башкы архитектор Урмат Карыбаев жана эл аралык "Nikken Sekkei" архитектуралык-шаар куруу компаниясынын өкүлдөрү шаарды үстүнөн кыдырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгуу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашыруудагы алгачкы кадам болду.

Шаар куруу жана урбанистика тармагында дүйнөлүк тажрыйбасы бар Nikken Sekkei шаарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планын иштеп чыгуу үчүн аналитикалык документти иштеп чыгууга киришүүдө. Пландын негизги максаты экологиялык, социалдык жана экономикалык аспектилерди эске алуу менен борбордун туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Учуу учурунда текшерүүнүн катышуучулары шаардын негизги объектилерине, транспорттук инфраструктурага, жашыл аймактарга жана жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында өнүктүрүүнүн келечектүү аймактарына өзгөчө көңүл бурушту.

Айбек Жунушалиев алдыңкы эл аралык эксперттер менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы башкы план туруктуу өнүктүрүү жана шаардын экологиясын сактоо үчүн заманбап талаптарды эске алуу менен иштелип чыгарын баса белгиледи.

Nikken Sekkei компаниясынын өкүлдөрү кызматташуунун ийгиликтүү болоруна ишенимин билдиришип, мындай олуттуу долбоорго катышуу алар үчүн чоң сыймык экенин белгилешти.

Планды иштеп чыгууда алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана инновациялык чечимдерди эске алуу менен комплекстүү мамиле колдонулаарын баса белгилешти.

Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев алдыдагы иштер шаардын учурдагы көйгөйлөрүн чечип тим болбостон, анын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө пайдубал түзөрүн, жашоочулардын туруктуулугуна жана ыңгайлуулугуна көңүл бурарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий