• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маданият министри Алтынбек Максутов Мамлекеттик цирктин эмгек жамааты менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик циркине барып, эмгек жамааты менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министр цирктин чыгармачылык жамааты тарабынан жаңы дайындалып жаткан номерлер менен таанышты.

Андан соң, министр цирк өнөрпоздору менен сүйлөшүп, учурдагы көйгөй-маселелерин бирге талкуулады.

Алтынбек Максутов учурда циркте ремонт иштери жүрүп жатса да, чыгармачылыкты токтотпоо маанилүү экенин белгилеп, жаңы программалардын үстүндө иштеп жаткан артисттерге ийгилик каалады.

“Учурда Маданият министрлиги маданият тармагына 2024-жылдан тарта айлык акыны көбөйтүү, кызматкерлерге иштегенге шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Андыктан, цирк жамааты жаңычылдык, жаратмандык менен иштеп берүү учурдун талабы. Мамлекет тарабынан тиешелүү колдоолор жана зарыл болгон көмөгүбүздү көрсөтүүгө даярбыз”, - деди министр.

Өз кезегинде цирктин директору Рыскул Боронбаев учурда цирктин репертуарын жаңылоо, чыгармачылык базаны чыңдоого далалат кылып, Россиянын эмгек сиңирген артисти, цирк ишмери Сайракан Суанбекованы иштеп берүү өтүнүчү менен Россиядан чакыртып, штатттык бирдикке кабыл алганын маалымдап, иш өз нугунда жүрүп жатканын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий