• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкек мэри таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев таэквондо боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, борбор калаанын башчысы спортчулар командасын татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, аларга спорттук рюкзактарды тапшырды.

"Бүгүнкү күндө шаарда спорттук объектилерди жандандыруу боюнча эбегейсиз чаралар көрүлүүдө. Д.Өмүрзаков атындагы стадион оңдолуп, "Алга" спорт комплекси курулууда. Биз бүгүн ушул нерселерди ишке ашырып жатабыз жана токтоп калууга ниетибиз жок. Биз спортту өнүктүрүп, жаштарыбыздын машыгып, чоң ийгиликтерге жетишүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек", - деди мэр.

2024-жылы 28-30-июнь аралыгында Инчхон шаарында өткөн чемпионатка 15 өлкөдөн 800 спортчу катышкан. Кыргызстандын курама командасынан КР таэквондо академиясынын студенттери болгон Бишкек шаарынын 5 спортчусу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын командасы чыныгы чеберчиликти көрсөтүп, үч алтын, бир күмүш жана бир коло медалга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий