• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандан Афганистанга мунай ташылып жатат деген маалымат жалган - УКМК

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат агенттиктеринде жарыяланган “Афганистан Ислам Республикасына Кыргызстандан мунайзаттар импорттолуп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.

2021-жылдын 16-декабрына карата КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу токтотулган.

Ошондой эле КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай заттарын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган.

"Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргыз Республикасынан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий