• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкек мэри Жунушалиев Казакстандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор кааланын башчысы казак элчисин жылуу кабыл алып, Казакстандын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана жана Алматы шаарларынын акимчиликтеринин ортосунда туруктуу негизде тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Борбор калаа башчысы Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда казак тарап менен кызматташууга ачык экенин баса белгиледи.

Казакстандын эчиси Рапил Жошыбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдирди.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Бишкек шаары Казакстандын 2 шаары менен (1997-жылдан Алматы, 2011-жылдан Астана) боордош шаарлар.

Пикир

Оставить комментарий