• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэри жылытуу мезгилине даярдыкты күчөтүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана шайлоону өткөрүү боюнча кезектеги жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда Бишкектин төрт районунун акимдери, шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө келе жаткан 2023/2024-жылдарга жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү боюнча отун-энергетика комплексинин кызматтарынын иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Ошондой эле көмүр менен иштеген от казандарды жылытуунун альтернативдүү түрүнө өткөрүү, алдыдагы жылытуу мезгилине социалдык объектилерге көмүр сатып алуу, калктуу конуштарды газдаштыруу жана газдаштырылган конуштардагы турак жайларды жаратылыш газына кошууну тездетүү маселелери талкууланды.

Калаа башчысы район жетекчилерине калктуу конуштардын калкы арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, жаңы конуштарда жайгашкан жеке турак жайлардын тургундарына газга кошулуу зарылчылыгы тууралуу үймө-үй кыдырып түшүндүрүүнү активдүү жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, акимчиликтер МАБ менен биргеликте газ менен жылытууга өтүү боюнча бардык чараларды көрүп, даярдыктарды өз убагында бүтүрүп, альтернативдик отунга өтүү боюнча жарандар арасында түшүндүрүү иштерин улантуулары керек.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына билим берүү мекемелериндеги отканаларды жаратылыш газына өткөрүү иштерин тездетүү, билим берүү департаментине борбор калаадагы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин жылытуу системасын оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын мэри тиешелүү кызматтарга Ленин районунда алдыдагы шайлоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү, Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоолорго кийлигишүүгө жол бербөө боюнча кызматкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган.

"Буга байланыштуу бардык шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинде тактоосун суранабыз, ошондой эле жеке маалыматтарды жана УШК жайгашкан жерди тактоо үчүн 119-маалымат кызматына ПИН-кодуңузду жөнөтсөңүз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий